AVN







МАЙЫПТУУЛУК-БУЛ БИР АДАМДЫН КӨЙГӨЙҮ ЭМЕС

МАЙЫПТУУЛУК-БУЛ БИР АДАМДЫН КӨЙГӨЙҮ ЭМЕС
 Dec 29, 2018  806

Жалал-Абад колледжинин “Укук таануу жана социалдык иштер” бөлүмүнүн социалдык иш секциясынын окутуучулары Ташматова А.,  Мамытова А.жана  Усенов А "Майыптуулуктун социалдык жана укуктук моделдери" аталышындагы окуу курсуна катышып келишти.

Окуу курсу  Абилис Консалтинг тарабынан иштелип чыккан, анда  ДМЧАнын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн  кеңейтүү боюнча маселелер талкууланды -  дейт катышуучулар.

Тагдырдын сыноосуна кабылып, майыптуулукка кабылган жашоочуларга коом туура көз карашта болуп, аларга ар кандай шарттарды түзүп берүү бүгүнкү күндүн талабы. Майыптуулук-бул бир гана адамдын эле эмес жалпы коомчулуктун көйгөйү экендигин баса белгиледи секция башчысы Айнагуль Ташматова.

  • МАЙЫПТУУЛУК-БУЛ БИР АДАМДЫН КӨЙГӨЙҮ ЭМЕС