AVN







"АЛТЫН КҮЗ" МАЙРАМЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 Dec 29, 2018  828

Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасынын студенттери “Алтын күз” майрамын белгилешти. Майрамда жаштар  берекелүү алтын күздү чагылдырган дубал газеталарынын, эсселеринин жыйнытыгы чыгарылып жыйынтыктоочу концерт өткөрүлдү. Мындай маалыматты аталган кафедрадан билдиришти.

Төрт мезгилдин төрт башка керемети бар, бирок берекелүү күз мезгили башкалардан өзгөчө. Анын берекелүүлүгүнөн, айлана-чөйрөнү коозукка бөлөгөндүгүнөн ар бир адамзаты эргүү алат. Андыктан студенттер жылдын өзгөчөлүгүн ыр саптары менен кагаз бетине  түшүрүп,  этюд, бий, обондуу ырлар менен көрсөтүштү – дейт кафедра башчысы Алтынай Эгембердиева.

Белгилей кетсек, иш чарага иш берүүчүлөр, окутуучулук курам жана студенттер  катышышты. Ал эми “Биология” кафедрасында жалпы 10 мугалим эмгектенсе, 62 студент билим алат.