AVN







КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ КӨК-ЖАҢГАКТА...

КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ КӨК-ЖАҢГАКТА...
 Dec 28, 2018  745

Конфуций институту Көк-Жаңгак шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектепте Конфуций институтунун туулган күнүн белгилөө жана кытай тилин үйрөнүүгө чакыруу иш-чарасын өткөрүп келишти.  

Иш-чарада институттун кытай көргөзмөсү, чай церемониясы, концерттик программа уюштурулду. 2018-жылдын сентябрь айында ушул мектепте ачылган кытай классында тил үйрөнүп жаткан окуучулар өздөрүнүн даярдыктарын көргөзүп, кытай тилин жана маданиятын канчалык деңгээлде үйрөнгөндөрүн көргөзүштү. Кытайча ыр ырдашып, жомокторду коюшту. Кытай бийин бийлешип, кытай жазуусун, кол өнөрчүлүктөрүн алып чыгышты – дейт Конфуций институнун директору Мавлюда Шакирова.

Мектеп директору Э.Юлдашев өз сөзүндө окуучулардын тил үйрөнүүгө ынтызарлык менен мамиле жасап жаткандыгын баса белгиледи. Мектеп окуучуларынын каалоолорун аткаруу үчүн мектепте бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет көрүлүп жатат. Келечек ээлери мына ушул окуучулар, андыктан аларга туура тарбия жана терең билим берүү менен келечегибизди кура алабыз деген оюн билдирди.

Институттун кытай тараптан директору Лиао Чангмейдин айтуусунда, бүгүнкү күндө Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында, Базар-Коргон, Сузак райондорунда бир канча кытай класстары иш алып барып жатат. Мындагы тил үйрөнүп жаткан балдардын комфорту үчүн Конфуций институту материалдык жана моралдык колдоолорду көрсөтүп келген. Алдыда дагы тил үйрөнүүнүн заманбап шарттарын түзүү ниетибиз бар – деди ал.

  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ КӨК-ЖАҢГАКТА...
  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ КӨК-ЖАҢГАКТА...
  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ КӨК-ЖАҢГАКТА...
  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ КӨК-ЖАҢГАКТА...
  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ КӨК-ЖАҢГАКТА...