AVN

ЖАМУНУН “ХАНЗААДА” ХАНБИЙКЕСИ” ТАНДАЛДЫ

ЖАМУНУН “ХАНЗААДА” ХАНБИЙКЕСИ” ТАНДАЛДЫ
 Dec 28, 2018  709

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттер арасында “Ханзаада”, “Ханбийке” аныкталды. Иш-чара ЖАМУнун жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага колледждердин жана факультеттердин студенттери катышышкан.

Конкурсанттар үч критерийдин негизинде таймашышты.

-Ак бийи (вальс);

-Подиум (өзүн көрсөтүү);

-Суроо-жооп (ой-өрүшүн, билим деңгээлин аныктоо).

Аталган шарттарды мыкты деңгээлде аткарып, башкалардан өзгөчөлөнгөндүгү үчүн Табигый-техникалык факультетинин  ЭЭСС-1-18 тайпасынын студенти Данияров Абдурахман жана Филология факультетинин ЧТк-2-18 тайпасынын студенти Раушангүл Камбаралиева Ханзаада & Ханбийкеси деп аталышканын айтат уюштуруучулар.

Катышуучуларга баа берүү үчүн калыстар шайланып, катышуучуларга өз бааларын беришти.

Мындай иш-чара жыл сайын уюштурулуп, салтка айланып келген. Бул жолу да салтты бузбай студенттерге жаңы жылдык маанай тартуулоо менен катар “Ханзаада” жана “Ханбийкени” тандап алдык – дейт Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.

  • ЖАМУНУН “ХАНЗААДА” ХАНБИЙКЕСИ” ТАНДАЛДЫ