AVN







ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
 Dec 28, 2018  773

       Жалал-Абад колледжинин «Техникалык жана  маалыматарды  иштетүү» бөлүмүнүн 140212«Электр менен камсыздоо» жана 140206 «Электр станциялары,  тармактар  жана системалар»  адистиктеринин студенттери иш берүүчүлөр  менен жолугушушту. Жолугушуунун максаты: студенттерди өз кесибине кызыгуусун арттыруу жана окууну аяктаганда иш менен камсыз болуусуна өбөлгө түзүү, келечекте мыкты адис болууга түрткү  берүү – дейт уюштуруучулар.

Жолугушууга «Жалал-Абадэлектро» ААКнун Окуу борборунун жетекчиси Кочкорова Гулжан жана «Жалал-Абадэлектро» ААКнун Эксплуатация бөлүмүнүн оператору Жумаева Нургуль  ошондой эле «Техникалык жана маалыматарды  иштетүү» бөлүмүнүн башчысы  А.Кочкорбаев, ЖАК колледжинин  директору п.и.к., доцент Турдубаева Бариса, ЖАК колледжинин  директорунун  өндүрүштүк  практика боюнча  орун басары  Багышева Мая,  «Техникалык жана маалыматарды  иштетүү» бөлүмүн практика жетекчиси Гулнара Эмилова катышышты.

Жалпысынан жолугушууга бүтүрүүчү курстун 62 студенти катышып, тегерек столдо адистер менен келечектеги иш орундары жөнүндө баарлашышты. Маек учурунда чон кызматка келүү үчүн талыкпаган мээнет жана билим керектигин иш берүүчүлөр белгилей кетишти.

Жогорудагы адистиктердин иш менен камсыз болгон бүтүрүүчүлөрү Сузак РЭТинин монтеру Таштемиров Темирлан - Жалал-Абад электр энергиясын сатуу иш канасынын контролеру Төлөн уулу Улук, «Жалал-Абадэлектро» ААКнун СЭВО бөлүмүнүн  монтеру Абдыганиев Ислам жана  Жалал-Абад РЭТинин монтеру Бекболот уулу Адыл катышышып, өздөүнүн жумушка орношуусу жана ишти алып кетүүсүнө  ушул колледждин окутуучулук курамына ыраазычылык билдиришти. Келген коноктор студенттерге  чон стимул болушту деген ойлорун айтты окутуучулар.   

Жолугушуу учурунда көптөгөн  суроо жооптор болуп, концерттик программа, турмуштан алынган инсценировкалар  менен коштолду.

  • ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
  • ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
  • ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
  • ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
  • ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
  • ЧОН КЫЗМАТКА КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?