AVN







РЕКТОР “ЖЫЛ МЫКТЫСЫ” ДИПЛОМУНА ЭЭ БОЛДУ

РЕКТОР   “ЖЫЛ МЫКТЫСЫ” ДИПЛОМУНА ЭЭ БОЛДУ
 Dec 28, 2018  705

      “Эркин Тоо” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик расмий гезитинин тандоосу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов “Жыл мыктысы” дипломуна  ээ болду.

     Аймактарды өнүктүрүү жылына карата гезит аркылуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Биздин окурмандардын тандоосу менен Жаңы инновациялык максаттары үчүн ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович диплом менен сыйланды. Университеттин техникалык-базасын чыңдоодо, жаш кадрларга заманбап билим берүүдө жетишкендиктери эске алынды.

     Университеттин өсүп өнүгүүсү жалпы коллективдин эмгеги жана жетекчинин аракетинин негизинде турмушка ашып жатканы айкын. Аймактарда жайгашкан алдынкы окуу жайлардан болуп, келечекке мыкты адистерди даярдай берүүңүздөргө тилектешбиз деген каалоо-тилегин аталган гезиттин башкы редактору Д. Керимбаев билдирди.