AVN







ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

ПРАКТИКАНЫН  ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
 Dec 28, 2018  634

ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин “Химия” кафедрасынын Х-1-15 тайпасынын студенттеринин профессионалдык-профилдик практикасынын  жыйынтыктоочу  конференциясы болуп өттү.

Химия кафедрасынын Х-1-15 тайпасынын студенттери профессионалдык-профилдик практикасын Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак, Базар-Коргон райондорундагы мектеп-гимназияларында өтөп келишти – дейт кафедра башчысы Нуржан Арстанбекова.

Конференциянын жүрүшүндө 4-курстун студенттери практика учурунда жүргүзгөн иштери жөнүндө, өткөн ачык сабактары жана  анда колдонулган усулдар боюнча  баяндама жасашып, сабактардын  этаптарынан фрагменттерди көрсөтүп  беришти. Талкууда  ар бир студент практика боюнча өз ойлорун жана сунуштарын билдиришти. 

Жыйынтыктап айтканда бул практиканы өтөө менен студенттер университеттен алган теориялык билимдерин  практика  жүзүндө  колдоно алышты деген оюн айтты  кафедра башчысы.  

  • ПРАКТИКАНЫН  ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • ПРАКТИКАНЫН  ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • ПРАКТИКАНЫН  ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
  • ПРАКТИКАНЫН  ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ