AVN







ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ
 Dec 28, 2018  647

Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасынын Б-1-15 тайпасынын студенттери профессионалдык-профилдик практикасын өтөп келишип, жыйынтыктоочу конференция болду.

Жыйынтыктоочу конференцияга “Биология” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, шаардын аймагында жайгашкан мектептердин  мугалимдери катышышты. Анда студенттер аткарган иштерин слайд аркылуу көргөзүп, практикада эмнелерди үйрөнүп өздөштүргөндөрү жөнүндө маалымат беришкенин айтат аталган кафедранын башчысы Алтынай Эгембердиева.

Жогорудагы тайпада жалпы 18 студент билим алат. Алар алган билимин практикада колдонуу максатында  шаардын аймагындагы орто мектептерге чыгышкан. Ал эми “Биология” кафедрасында 2018-2019-окуу жылына карата жалпы  64 студент билим алууда.

  • ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ