AVN

“Чынгыз Айтматовго таазим ” аталышындагы адабий-музыкалык кечеден бир көрүнүш

“Чынгыз Айтматовго таазим ” аталышындагы адабий-музыкалык кечеден бир көрүнүш
 Dec 27, 2018  703

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин чоң жыйындар залында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Чынгыз Айтматовго таазим”  аталышындагы адабий-музыкалык кече болуп өттү. Аталган  кече “Педагогика” адистигинин 1- 2- курстарынын студенттеринин демилгеси менен даярдалып, ал орус-кыргыз тилдеринде болгонун  айтат жогорудагы тайпалардын куратору Шишкараева Ажар.

Иш-чарага Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин деканы Шамшиев Расул, “Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы” кафедрасынын башчысы Сакиева Сайипжамал, окутуучулук курам жана студенттер катышышты. 

         Аалам алпы  Чынгыз Айтматовдун өмүр  чыгармачылыгы жөнүндө слайд көрсөтүлүп, чыгармаларындагы каармандардын образын чагылдырышты. Ошондой эле “Кылым карытар бир күн” аттуу чыгармасынан монолог окулду. Андан сырткары кыргыз бийлерди бийлешип, обондуу ырларды аткарышты. Жазуучунун чыгармаларынан таасирленип студенттер өздөрү ыр жазып, көркөм окуп беришти.

Факультеттин деканы Р. Шамшиев – Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата университет тарабынан ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. Биздин факультет дагы катардан калбай кафедралык, факультеттик  дегээлде  бир топ иштерди аткардык. Анын бири бүгүнкү сиздер уюштуруп жаткан адабий кече десем болот. Улутубуздун сыймыгы болгон жазуучубузду унутта калтырбай чыгармаларын окуп, андан нравалык тарбия аласыздар деп ишенем. Адабий-музыкалык кечеңиздердин ийгиликтүү өтүшүн каалайм жана уюштуруучулардын ишинде ийгиликтер болсун – деген оюн билдирди.

  • “Чынгыз Айтматовго таазим ” аталышындагы адабий-музыкалык кечеден бир көрүнүш