AVN







БАЛДАРГА КУБАНЫЧ ЫРООЛОП....

БАЛДАРГА  КУБАНЫЧ  ЫРООЛОП....
 Dec 27, 2018  639

     Жалал-Абад колледжинин “Социалдык иш” адистигинин студенттери  180 өзгөчө балдардан кабар алып, аларга  жаңы жылдык маанай тартуулашты.

Аталган адистиктен билдиришкендей иш чара Улуттук Кызыл ай коому менен биргеликте уюштурулган.

“Жалал-Абад шаарында жайгашкан өзгөчө балдар тарбияланган “Ак жол” интернатынын 25 тарбиялануучусуна, Ноокен районунда орун алган балдар үйүнүн  155 жашоочусуна белектер берилди” – дейт уюштуруучулар.

Жыл жыйынтыкталып, жаңы жыл кирип келе  жатканда ар бирин адам жакшы өзгөрүүнү, жетишкендикти жана жакындарынан жылуу сөз, белектерди күтөт. Мына ошол тилектерин аз да болсо оорундатып, тагдырдын сыноосуна кабылган өспүрүмдөргө кубаныч тартууладык – дешет алар.

  • БАЛДАРГА  КУБАНЫЧ  ЫРООЛОП....
  • БАЛДАРГА  КУБАНЫЧ  ЫРООЛОП....
  • БАЛДАРГА  КУБАНЫЧ  ЫРООЛОП....
  • БАЛДАРГА  КУБАНЫЧ  ЫРООЛОП....