AVN







СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
 Dec 26, 2018  712

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2018-2019- окуу жылында ЖАМУнун студенттеринин билим сапатын текшерүү (модулдар жана сынактар) окуу графигине ылайык компьютердик тестирлөө аркылуу  өткөрүлүп жатат. Компьютердик тестирлөөнүн негизги максаты студенттердин семестр ичинде алган билимин объективдүү баалоо  жана жагымсыз жагдайлардын алдын алуу болуп саналат.Мындай билдирүүнү университеттин окуу бөлүмүнөн маалымдашты.

Алардын айтымында студенттердин билим сапатын компьютердик тестирлөө аркылуу текшерүү бардык адистиктерде (даярдоо багыттарында ) 

бекитилген жадыбалдар боюнча тиешелүү структуралык бөлүмдөрдүн компьютердик  класстарында жана тестирлөө борборлорунда өткөрүлүүдө

тестирлөө ЖАМУнун студенттеринин билимин компьютердик тестирлөө аркылуу текшерүү жөнүндөгү, ЖАМУнун студенттерин учурдагы текшерүү жана орто аралык аттестацияны жүргүзүү жөнүндөгү жобонун жана ЖАМУнун ички тартип эрежелеринин негизинде жүргүзүлүп жатат.

Тестирлөө үчүн окутуучулар тарабынан түзүлгөн тесттик тапшырмалар пайдаланылууда.

  • СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
  • СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
  • СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ