AVN







КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Dec 26, 2018  737

Жалал-Абад колледжинин “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн  «Электр менен камсыздоо» жана «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистиктеринин ЭСк-01-17, 2-16 жана ЭССк-01-17 тайпаларынын «Электр подстанцияларынын түзүлүшү жана техникалык жактан тейлөө» дисциплинасы аяктаганына байланыштуу, курстук ишин тапшыруу конференциясы болуп өттү.

         Конференциянын жүрүшүндө жетекчилиги жана Электр менен камсыздоо адистигинин окутуучу курамы катышышты.

         Өндүрүштүк практикага чейин алган курстук иштеринин темаларын, практика учурунда студенттер адистигене тиешелүү маалыматтарды топтой  алышкан. Натыйжада курстук ишин толук жазып бүтүп, аны тапшырышты.

         Курстук ишин жогорку деңгээлде жазып, мыкты коргой алган студенттер мактоого арзышты. Аларды белгилей кетсек, ЭССк-01-17 тайпасынан Багышев Тимур жана ЭСк-01-17 тайпасынан Хамидов Шавкат, ЭСк-2-16 тайпасынан Кубанычбеков Алманбет башкалардан өзгөчө жазышкан – деп билдирди «Электр менен камсыздоо» жана «Электр станциялары, тармактар жана системалар» секцияларынын башчысы Гулмайрам Алимбаева.

  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
  • КУРСТУК ИШТИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ