AVN







ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ  БОЛДУ
 Dec 25, 2018  855

Жалал-Абад колледжинин  “Укук  таануу жана социалдык иш”  бөлүмүнүн СРк-01-17тайпасынын  өндүрүштүк практикасынын  жыйынтыктоочу конференциясы болуп  өттү. Конференцияга колледждин   окуу боюнча директордун орун басары жана практика жетекчилери катышышты.

    Отчет тапшыруу  учурунда студенттер практика мезгилинде  аткарган  жана үйрөнгөн  иштерин  айтып берип, практика убагындагы урунтуктуу учурларды слайд аркылуу көрсөтүштү. Алардын ичинен төмөнкү студенттер: Мейманова Ы,  Камалова Д., Маматемин к А., Калыкбаева К., Темимрбаева Н., Медер к. А, Абдуллаева А.  практика мезгилинде аткарган жумуштарын  башкалардан айырмаланып, кайрымдуулук акцияларына катышышкан,аярлуу катмар менен кандай иш алып барууну жакындан үйрөнүшкөндөрүн айтуу менен келкчекте туура кесипти тандагандарын баса белгилешти. Студенттер теориядагы алган билимин  практика менен айкалыштыра алышкандыгын  жана практика өтөгөн мекемелер окууну аяктаганда жумушка алуу сунуштарын бергендигин айтышты - дейт аталган бөлүмдүн практика жетекчиси Умида Абдрашева.

  Эске салсак жогорудагы тайпада 31 студент билим алса,анын 30у практикалык отчетун тапшырды.Студенттер соц.фонд., соц.өнүгүү башкармалыгына, обл.администрацияга, Кызыл Ай коомуна ж.б.мекемелерге бөлүнүшкөнүн кошумчалады практика жетекчиси.

     Ал эми ЖАКтын өндүрүшттүк окуу боюнча  директордун орун басары  М.Р. Багышева конференциянын жыйынтыгы боюнча студенттер жакшы даярдангандыгын  айтты.

  • ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ  БОЛДУ
  • ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ  БОЛДУ