AVN







ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ

ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ
 Dec 24, 2018  646

Педагогика жана маалымат технологиялар  факультетинни «Тарых» кафедрасынны Т-1-17 жанаТ-1-18 тайпалары Сузак районундагы Октябрь айылында жайгашкан карылар жана мүмкүнчүлүгү  чектелгендер жашоочу үйгө барып жаны жыл алдындагы өздөрүнүн белектерин берип келишти. Ар бир адам жыл жаңыраарда жакынынан жакшы сөздөрдү, белектерди күтөт эмесби. Андыктан аталган жайдын жашоочуларына майрамдык маанай тартуулоо максатында кабар алып келдик дешет уюштуруучулар.

Тарых адистигинин студенттери бир гана басып билим алуу менен чектелбестен, ыр жазып, чыгармачылыкка кызыккандары да бар. Алар бул күнү студенттер ата-энелерге арнап өз калемине таандык ырларын окуп берип бир аз болсо да көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылышты – дейт Т – 1-17 тайпасынын куратору Мээрим Умарова.

Аталган жайдын жетекчиси  Узакбаева Майрам студенттерди жылуу кабыл алып, көп кызыктуу маалыматтар менен бөлүшө кетти. “Бул мекеме  1960-жылы негизделип, жарым кылымдан ашык убакыттан бери кызмат көргөзүп, кайрылуучуларды өз кучагына камтып келет . Учурда 100дөн ашуун жашоочусу бар болсо,  анын ичинде 47си  төшөктө жатып калгандар” -  деп билдирди.

Карылар үйүнүн жашоочулары студенттердин майрам алдында келгенин сүйүнүч менен кабыл алып, ак баталарын беришти. Белгилей кетсек,  иш чаранын демилгечилери Т-1-17 группасынын куратору Умарова Мээрим жана Т-1-18 группасынын куратору Атабекова Шарапат.

  • ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ
  • ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ
  • ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ
  • ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ
  • ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ
  • ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ
  • ТАРЫХЧЫЛАР КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ