AVN

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ХИМИКТЕР ОРТОСУНДА ТАЛКУУ БОЛУП ӨТТҮ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ХИМИКТЕР ОРТОСУНДА  ТАЛКУУ  БОЛУП ӨТТҮ
 Dec 24, 2018  964

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  550100 “Табигый-илимий билим берүү” багытынын  Химия профили үчүн  бакалаврларды даярдоо боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги программасын  талкуулоо үчүн  иш берүүчүлөр менен тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столго иш берүүчүлөр:

  • Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюздар комитетинин төрагасы Орозалиев А.;
  • Жалал-Абад илимий борборунун директорунун орун басары Б.Чотонов;
  • Жалал-Абад стандартташтыруу жана метрология борборунун сыноо лабораториясынын башчысы Мадалимова А.;
  • Жалал-Абад суу чарба башкармалыгынын лаборанты А.Кыргызбаева;
  • Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектебинин химия мугалими Г.Токтогулова;
  • Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин химия мугалими Б.Ширинбекова;
  • Сузак районундагы Манас мектебинин химия мугалими  А.

Сулайманова  жана профессордук-окутуучулук курам, студенттер

катышышты.

         “Химия” кафдрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова 550100 “Табигый-илимий билим берүү” багытынын  Химия профили үчүн негизги билим берүүчү программанын (НББП) максаты (миссиясы), милдеттери, күтүлүүчү натыйжалар, окуу планы, окутулуучу дисциплиналар боюнча кеңири  баяндама жасады.

Тегерек столдо иш берүүчүлөр тарабынан негизги билим берүү программасы талкууланып, өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюздар комитетинин

төрагасы, химия мугалими А. Орозалиев  өз сөзүндө 4 жыл аралыгында студенттер билим берүү программасын жакшы өздөштүрө турган болсо жакшы адистердин чыгарына, химия кафедрасында методикага жакшы көңүл бурула тургандыгына токтолуу менен  окуу планында  окутуунун заманбап технологиялары, химиялык маселелерди чыгаруунун усулунун  киргизилиши боюнча өз пикирин айтуу менен  колдоп, жактырарын билдирди. Ушундай эле пикирлерди  химия мугалимдери Г.Токтогулова, Б.Ширинбекова, А.Сулайманова, Жалал-Абад стандартташтыруу жана метрология борборунун сыноо лабораториясынын башчысы А. Мадалимова, Жалал-Абад суу чарба башкармалыгынын лаборанты А.Кыргызбаевалар билдиришти.

Өлкөнүн  келечеги үчүн сапаттуу адистерди даярдоодо химия кафедрасынын  профессордук-окутуучулук курамы иш берүүчүлөр менен мындан ары дагы тыгыз байланышта иш жүргүзө беришмекчи.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН  ХИМИКТЕР ОРТОСУНДА  ТАЛКУУ  БОЛУП ӨТТҮ