AVN

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ АККРЕДИТАЦИЯ ӨТҮҮДӨ КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАРДЫН БИРИ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ АККРЕДИТАЦИЯ ӨТҮҮДӨ КОЮЛУУЧУ  ТАЛАПТАРДЫН БИРИ
 Dec 22, 2018  723

ЭЮФтун «Финансы жана кредит» кафедрасы тарабынан уюштурулган ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү.

Чогулушка тайпа жетекчилери, студенттердин ата-энелери, студенттер катышышты. Кафедра жетекчиси э.и.к., доцент А. Карбекова  сөз сүйлөп ата-энелер менен байланышуу аккредитация өтүүдө коюлуучу  талаптардын бири болуп эсептелээрин айтты.

 Өз сөзүндө студенттердин сабакка катышуусу, жетишүүсү, окуу акысын төлөө, окуу акысынан берилүүчү жеңилдиктер, AVN программасынын өзгөчөлүгү, модулду тапшыруу, модулду өз учурунда тапшырбаган учурда студенттин жайкы семестрге калып  калуусу жана окуу акысынан сырткары  төлөмдөр тууралуу кеңири маалымат берди.  Академиялык мобилдүүлүк да бир критерий болуп саналгандыктан кафедранын 3 студенти, атап айтсак ФКк-1-15 тайпасынан Жеңишбек кызы Сирена, Абдукаримова Бегимай, ФКк-1-16 тайпасынын Махамаджанова Наргиза Ош мамлекеттик университетинин “Бизнес жана менеджмент”  факультетине барып жарым семестр окуп келишти. Андан сырткары студенттердин коомдук жайда өзүн-өзү алып жүрүусү, форма тууралуу баса белгилеп кетти. Кафедранын студенттери  ЖАМУда, факультетте өткөрүлгөн  окуу, тарбиялык, маданий иш чараларга активдүү катышып келишет. Кафедрадагы ФКк-1-15, ФКк-1-16, ФКк-1-17 жана ФКк-1-18 тайпаларынын  кураторлору  өз тайпаларындагы студенттер тууралуу кеңири маалымат беришти. Жыйынтыгында 12 ата-энеге ыраазычылык каттар берилди. Ата-энелер тарабынан кафедранын жамаатына каалоо тилектер, ыраазычылыктар айтылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ АККРЕДИТАЦИЯ ӨТҮҮДӨ КОЮЛУУЧУ  ТАЛАПТАРДЫН БИРИ