AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ПИКИР АЛМАШУУ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ПИКИР АЛМАШУУ
 Dec 22, 2018  660

Табигый-техникалык факультетинни “Биология” кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы, бүтүрүүчү студенттер жана иш берүүчүлөр арасында  550100 "Табигый-илимий билим берүү" багытынын биология профилинин жалпы билим берүү программасынын алкагында пикир алмашуу болуп өттү.

         Жолугушууда 550100 "Табигый-илимий билим берүү" багытынын биология профилинин жалпы билим берүү программасы боюнча бакалавр даражасын даярдоодогу жетишкендиктер жана көйгөйлөр жөнүндө талкуу болду дейт аталган кафедранын башчысы Алтынай Эгембердиева.

“Биздин студенттер окуусун аяктаган соң, жумуш менен камсыз болсо албетте бизди кубандырат. Алар келечек муунду тарбиялап, калктын социалдык өнүгүүсүнө, жаштардын сабатсыздыгын жоюга көмөктөш болсун деген ниетте тарбиялап келебиз” – деген оюн айтты ал.

Жыйынга Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад Ноокен шаар райондордун мектептеринин директорлору жана биздин окуу жайды бүтүрүп, мектептерде эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр катышышты. Ал эми иш-чаранын соңунда кафедра тарабынан иш берүүчүлөргө "Ыраазычылык каттар" берилди.