AVN







Ж. АЛИБАЕВГЕ ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ ЫЙГАРЫЛДЫ

Ж. АЛИБАЕВГЕ  ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ ЫЙГАРЫЛДЫ
 Dec 22, 2018  741

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, акын, обончу, ырчы, дастанчы Жолболду Алибаевге Жалал-Абад  мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору ыйгарылды. Тапшыруу аземи Барпы драма тетрында  акындын 70 жылдык мааракесине арналып уюштурулган  концерти учурунда  болду.

Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович Ж. Алибаев Жалал-Абад педагогикалык училищасында эмгектенип, жаштарга билим берүү менен катар чыгармачылыгын элге тартуулап келгенин билдирди.

“Жалал-Абад педагогикалык училищасынын улатуучусу бул Жалал-Абад мамлекеттик университети экени баарыбызга маалым. Бир кылымдык тарыхы бар окуу жайда эмгектенип, убагында канчалаган жаштарга билим бергенсиз. Чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүп, заманыбыздын мыкты акыны, обончусу, ырчысы  жана дастанчысы болдуңуз.  Өмүрү өрнөктүү инсан катары биздин студенттер менен жолугушууларга келип, акыл насаатарыңызды айтып турасыз деген ишеничтебиз” – деди ал.

Чыгармачылык жолуңузда көптөгөн ийгиликтердин жаратманы болуп, обондорду, ырларды жана дастандарды калкыбызга тартуулай бериңиз.  Сиздей залкар инсандар биздин окуу жайда эмгектенип, университеттин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калганы биз үчүн сыймык  - деп кошумчалады  К. Усенов.

Белгилей кетсек, Ж. Алибаевдин 70 жылдык мааракесине арналган концерт Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган. Ошондой эле окуу жайда Рысбай Абдыкадыров клубу ачылып, 25 жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Баса белгилеп кетчү жагдай жогорудагы клуб Р. Абдыкадыровдун көзү тирүүсүндө эле ачылып, анын ачылуу аземине ырчы өзү күбө болуп кеткен. Ал эми Ж. Алибаев аталган клубдун мүчөсү – дейт окуу жайдын социалдык маселелер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова.

  • Ж. АЛИБАЕВГЕ  ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ ЫЙГАРЫЛДЫ
  • Ж. АЛИБАЕВГЕ  ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ ЫЙГАРЫЛДЫ
  • Ж. АЛИБАЕВГЕ  ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ ЫЙГАРЫЛДЫ
  • Ж. АЛИБАЕВГЕ  ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ ЫЙГАРЫЛДЫ
  • Ж. АЛИБАЕВГЕ  ЖАМУНУН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ ЫЙГАРЫЛДЫ