AVN







ЖАМУ МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ОРТОСУНДА ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

ЖАМУ МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ОРТОСУНДА  ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
 Dec 22, 2018  792

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 20-декабрь күнү “Көз каранды эмес аккредидациядан өтүүдө иш берүүчүлөрдүн орду” аталышындагы  жолугушуу болуп өттү. Ага облустун аймагындагы район-шаарлардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү республиканын жана дүйнөнүн ар тарабына эмгектенип, өлкөнүн экономикалык-социалдык өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын белгиледи. “Аймактардагы оруканаларда, мектептерде кадрлар жетишсиздиги айтылып келген. Учурда бул көйгөй акырындык менен чечилүүдө. Ошондой эле бизде ветеринар адистери да даярдалып келет. Келечекте бул адистиктин техникалык-базасы чыңдалып, мыкты кадрлар даярдалат деген тилегибиз бар. Ал эми  банктар менен да байланышыбыз эң жакшы. Ага далил биздин бүтүрүүчүлөрдүн 80 пайызы ушул тармакта эмгектенип жатышканын айтсам болот” – деген оюн айтты.

Ошондой эле бардык тармактын өкүлдөрү окуу жай менен кызматташып, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылууда көмөк көргөзүп жаткандарына ыраазычылык билдирди.

Иш берүүчүлөр университеттин ишине ийгиликтерди каалоо менен биргеликте  окуу жайда магистратура ачылып, мектеп мугалимдери дагы билимдерин тереңдетүүгө шарттар түзүлүп берилсе деген жана башка сунуштарын киргизишти.

Андан сырткары келген коноктордон каалоо-тилектер жана сунуштар айтылып, университетке “Ыраазычылык кат”, “Алык” баракчаларын  ыйгарышты. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан аталган кызматка кадрларды даярдап, тыгыз кызматташканы үчүн окуу жайга “Ыраазычылык кат” берилди.

  • ЖАМУ МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ОРТОСУНДА  ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
  • ЖАМУ МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ОРТОСУНДА  ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
  • ЖАМУ МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ОРТОСУНДА  ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
  • ЖАМУ МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ОРТОСУНДА  ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ
  • ЖАМУ МЕНЕН ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР ОРТОСУНДА  ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ