AVN

БҮГҮНКҮ ПРАКТИКАНТ, ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ АДИС

БҮГҮНКҮ  ПРАКТИКАНТ, ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ АДИС
 Dec 22, 2018  737

ЖАМУнун  Жалал-Абад  колледжинин,  “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин бүтүрүүчү тайпаларынын  студенттеринин педагогикалык  практика  боюнча  “Бүгүнкү  практикант, эртеңки кесипкөй адис ” деген аталышта конференция болуп өттү. Конференцияда студенттер практикага чыккан мектептерге топ-топ болуп бөлүнүп,  практикада аткарган иштери  боюнча  презентация жасашты.  Презентацияда практика учурунда болгон кемчиликтерге жана ийгиликтер сөз болгонун айтат аталган бөлүмдүн башчысы Кенже Салибаева.

Студенттер азыркы учурда билим берүүдө жүрүп жаткан реформалардын негизинде, башталгыч мектептер үчүн атайын уюштурулган долбоорлордун талаптарына ылайык мектептин мугалимдери жана практика жетекчилери менен активдүү сабактарды өтүүгө жетишкендиктерин  өз презентацияларында айтып өтүштү.

Практика учурунда   сабактын максаттарын жаңыча аныктоого, окуучулардын жетишкендиктерин баалоого, негизги жана предметтик компетентүүлүктөрдү калыптандырууга, окутуунун заманбап технологияларына басым жасалды.

 Конференцияда колледждин  директору Б.М. Турдубаева, өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары М.Ы. Багышова, “Педагогика” бөлүмүнүн жетекчиси К.П.Салибаева жана практика жетекчилери катышып өз ойлорун , сунуштарын айтышты- деп билдирди  бөлүмдүн практика жетекчиси Н.Айылчиева.

  • БҮГҮНКҮ  ПРАКТИКАНТ, ЭРТЕҢКИ КЕСИПКӨЙ АДИС