AVN

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТЫК МАДАНИЯТЫ КОШОК ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТЫК МАДАНИЯТЫ КОШОК ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ
 Dec 21, 2018  1089

2018-окуу жылында “Сорос-Кыргызстан” Фондунун каржылоосунда “Кыргыз элинин салттык маданияты кошок жанрын сактоо жана жайылтуу” деген аталыштагы долбоордун планына ылайык Кыргызстандын түштүк регионунан топтолгон талаа материалдарынын негизинде 17-декабрь күндөрү Жалал-Абад педагогикалык колледжинин студенттерине, окутуучулук курамга жана Сузак районунун Манас орто мектебине (кыргыз-орус-өзбек тилдүү), ошондой эле 18-декабрь күнү Сузак районунун №26 Хамза атындагы орто мектебине (кыргыз-өзбек тилдүү), 19-декабрда Жалал-Абад медициналык колледжинин окутуучулук курамына лекция-тренингдер өтүлдү.

         Анда кыргыз элинин кошок кошуу салты мурас экендиги тастыкталып, ага тарыхый-этнографиялык анализ жасалып,салтты улантуунун жолдору жана жайылтуу, сактоого пикирлер айтылды. Жыйынтыгында кошокчулардын фотоальбому, слайд, профессионал актрисалардын айтуусундагы видеороликтер жана эл арасындагы айткан кошокчулардын аудио уктуруулары, “Кошок – кыргыз элинин салттык мурасы. Материалдардын жыйнагы” аталыштагы илимий популярдык жыйнак (баш сөзүн жазган професор, Э.Ж.Сулайманов., кириш сөзү т.и.к, В.Э.Анарбекова) тууралуу тааныштырылды.

  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН САЛТТЫК МАДАНИЯТЫ КОШОК ЖАНРЫН САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ