AVN

АДАМ УКУГУНУН ДЕКЛАРАЦИЯСЫНЫН КАБЫЛ АЛГАНДЫГЫНА 70 ЖЫЛ

АДАМ УКУГУНУН ДЕКЛАРАЦИЯСЫНЫН КАБЫЛ АЛГАНДЫГЫНА 70 ЖЫЛ
 Dec 21, 2018  716

Экономикалык-юридикалык факультетинин “Юриспруденция” адистигинин профессордук-окутуучулук  курамы, студенттердин ата-энелери  жана студенттер менен биргеликте Адам укугунун Декларациясынын кабыл алгандыгынын 70 жылдыгын белгилешти. Иш-чарага укук коргоо органдарынан  адистер чакырылганы айтылат маалыматта.  

       Белгилүү болгондой иш-чарага Жалал Абад шаардык прокурорунун орун басары Осмонов М., Жалал Абад шаардык №1 адвокаттар коллегиясынын төрагасы Сопубеков Ш., Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Токтобаева К.  катышткан.

       Катышуучуларга адам укуктары жөнүндө маалыматтар берилип, 70 жыл ичинде укуктук талаада аткарылган жетишкендиктер үчүн куттуктоолор айтылды. Ошондой эле келечекте аткарылуучу иштер жөнүндө талкуу болду.

 Натыйжада, катышуучулар жана уюштуруу тобу  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамоталары  менен сыйланышты.

  • АДАМ УКУГУНУН ДЕКЛАРАЦИЯСЫНЫН КАБЫЛ АЛГАНДЫГЫНА 70 ЖЫЛ