AVN







ЭМГЕГИ СИНГЕН ЭР АЗАМАТТАР

ЭМГЕГИ СИНГЕН ЭР АЗАМАТТАР
 Dec 20, 2018  826

ЖАМУнун кичи жыйындар залында  19-декабрда “Эмгеги синген эр азаматтар”  аттуу кереге кеңеш болду. Ага окуу жайжын социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору  Айгул Доранова, ПМТФнын деканы Р. Шамшиев, профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер”  кафедрасынын башчысы Г. Токтогулова жана Сапат бөлүмүнүн адиси Г. Токтоева, студенттер катышышты. Анда “Тарыхый инсан Ж. Абдрахманов”, “Кыргыздын баатыр кызы Уркуя Салиева” жана “Курманжан датка” темалары боюнча  баяндамалар жасалды.

Кереге кеңештин жүрүшүндө суроо-жооптор болуп, студенттер кызыгуу менен угушуп, маанилүү суроолорду беришип, маңыздуу маселелерди талкуулашты.

Негизинен бул тематика саясий, гуманитардык илимдер жаатындагы актуалдуу маселелердин катарына кирген изилденүүчү темалардан болуп эсептелинет. Келечек ээлери болгон жаштар буга дыкааттык менен көңүл бөлүүлөрү керек – деген оюн билдирди проректор А. Доранова.

Профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер”  кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы  жана социалдык иш адистигинин студенттери илимий баяндамалар менен катышып, жалын жүрөк ата-бабаларды унутта калтырбай, алардын өрнөктүү өмүрүнөн  үлгү алып, келечек муунга жеткирүүсү жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн салымын кошууга ата-бабалардай умтулуу маанилүү экендигин баса белгилешти.

  • ЭМГЕГИ СИНГЕН ЭР АЗАМАТТАР
  • ЭМГЕГИ СИНГЕН ЭР АЗАМАТТАР
  • ЭМГЕГИ СИНГЕН ЭР АЗАМАТТАР
  • ЭМГЕГИ СИНГЕН ЭР АЗАМАТТАР