AVN

ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА

ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА
 Dec 19, 2018  777

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында “Жетелеген 95 жыл жарыкка, жаша ЖАМУ из калтырып тарыхта”  аттуу сынакты  жыйынтыктоочу гала концерти болуп,  жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту. Жыл башынан бери «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын»  ЖАМУнун түптөлүшүнүн 95 жыл университет болуп түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында сынак өткөрүлүп келгенин айтат ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов жалпы жамаатты майрамы  менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап өттү. “Биздин жамаатта таланттуу кызматкерлер эмгектенет. Илим тармагында болсун, маданий жана спорт жаатында ар дайым алдыда болуп келгенсиздер жана боло бересиздер. Талыкпаган эмгек менен окуу жайдын өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп келесиздер. Далил катары айтып кетсем, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маданий кечеде Роза Айтматова Сиздердин аткаруу чеберчилигиңиздерге өз баасын берип, ыраазычылыгын билдирди. Улуу адамдардын берген баасы, биз үчүн сыймык” – деген оюн билдирди.

Универсиеттин социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова – Окуу жайдын уюштурган иш-чарасын колдоого алып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымакта иш алып бардыңыздар. Факультеттердин, колледждердин өткөргөн концертинде атайын калыстар шайланып, баалар берилип, жыйынтыгында жогорку балл топтогон үч конкурсант аныкталды.  Ошондой эле эң жакшы деген чыгармалар тандалып, бүгүнкү гала концертте көрүүчүлөргө тартууланды.  Аталган сынактын жалпы байге фонду 45 000 (кырк беш миң) сомду түзүп, жеңүүчүлөр сертификатка ээ болушту – дейт ал.

1 – орун Педагогика жана маалымат технологиялар факультети ээлеп, 20 000 (жыйырма миң) сом акчайлай сыйлыкка ээ болушту.

2 – орун Жалал-Аад колледжи, 15 000 (он беш миң) сом.

3 – орун Экономикалык-юридикалык факультети, 10 000 (он миң) сом.

Эске салсак, сынакка Медицина факультети, ПМТФ, ЭЮФ, ТТФ, Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультети, Кочкор-Ата, Аксы, Кара-Көл колледждеринин кызматкерлери катышкан. Ал эми бүгүнкү гала концерттин активдүү катышуучуларына ЖАМУнун дипломдору ыйгарылды.

  • ЖЕТЕЛЕГЕН 95 ЖЫЛ ЖАРЫККА, ЖАША ЖАМУ ИЗ КАЛТЫРЫП ТАРЫХТА