AVN







ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
 Dec 18, 2018  725

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери 22 балага жаңы жылдык белектерди тапшырышты. Бул тууралуу Башкаруунун автоматташтырылган системалары кафедрасынын башчысы Венера Мураталиева билдирди.

В. Мураталиеванын айтымында  Башкаруунун автоматташтырылган системалары кафедрасынын студенттери жана окутуучулар  жамааты        жыл жыйынтыкталып, жаңы жылдын алдында жаштарга майрамдык маанай тартуулоону көздөп, Жалал-Абад шаарындагы “Ак-жол” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына белектерди тапшырышкан.

Биздин максат жаштарды  мээримдүүлүккө үндөө, балдар үйүндөгү өспүрүмдөргө келечекке үмүтүн жандыруу, жакшы жүрүп турмушта өз ордун табууга стимул берүү – дейт ал.

 Жалпы 22 балага жаны-жылдык белектер тапшырылып, концерттик программа тартууланган. Мындай саамалык бул менен эле токтоп калбайт. Алдыда дагы аярлуу катмардагы жарандарга да көмөк көргөзүү тилектери бар экени маалыматта айтылат.

  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ
  • ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢ МЕНЕН БАЛАКАЙ