AVN







ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
 Dec 18, 2018  774

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин, Техникалык жана маалыматтарды башкаруу бөлүмүнүн «Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу» адистигинин БАСк-01-17, БАСк-2-16, БАСк-3-16 тайпаларынын студенттеринин өндүрүштүк практиканын отчетун кабыл алуу конференциясы болуп өттү.

Техникалык жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнөн өндүрүштүк практиканын жетекчилери болуп БАСк-3-16 тайпасына Маманова Б., Тагаева Л, БАСк-2-16 тайпасына Малашев Ж, Самиева Ж, БАСк-01-17 тайпасына Мусакулова Н.Доронова А. дайындалышкан.

БАС адистигинен 3 студент Жалал-Абад шаардык Кыргызтелекомго, 2 студент Жалал-Абад шаардык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын  суу ташкындоо бөлүмүнө, 4 студент ЖАМУнун кадрлар бөлүмүнө, 5 студент Жалал-Абад шаардык 7-каналга, 8 студент Жалал-Абад шаардык AISNET интернет клубуна, 5 студент Жалал-Абад шаардык EXSELENT окуу борборуна, 2 студент Жалал-Абад шаардык Компанион банкына, 2 студент Жалал-Абад шаардык Кыргыз почтасына, 2 студент Лек окуу борборуна, 3 студент Жалал-Абад шаардык областтык китепканага, 1студент Жалал-Абад шаардык курортуна, 3 студент Жалал-Абад шаардык ОсОО «Магнит экспресс» борборуна, 6 студент ЖАМУнун КТ жана МТТга, 4 студент ЖАКтын Техникалык жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнө, 1 студент Жалал-Абад шаардык Азия банкына, 1 студент Жалал-Абад шаардык «Азык ордо» супер маркетине, 1 студент Жалал-Абад шаардык IMEX окуу борборуна, 1 студент Жалал-Абад шаардык INFOLINE окуу борборуна, 1 студент Жалал-Абад шаардык OXSUS микрокредиттик компанияга өндүрүштүк практикага жөнөтүлүшкөң. Жалпысынан БАС адистигинен 55 студент практиканы өтөп келишти – дейт бөлүм башчысы А. Кочкорбаев.

  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ
  • ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ