AVN







ЧӨЛ – ГЕОГРАФИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨ АЙМАК

ЧӨЛ – ГЕОГРАФИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨ АЙМАК
 Dec 18, 2018  1096

Табигый-техникалык факультетинин География кафедрасынын  Г- 1-18 тайпасында кафедранын ага окутуучусу  А.К. Мамытова  “ Ысык өлкөлөрдүн рельефинин формалары”  аталышындагы  лекциялык ачык   сабак өттү. 

Ачык сабакка үч маселе коюлган алар:

а)   Ысык өлкөлөрдүн рельефинин формалары.

б)   Чөл  – географиялык өзгөчө аймак жана анын пайда болуу факторлору.

в) Студенттерди кесиптик багытка жана патриоттуулукка, Ата Мекенин сүйүүгө тарбиялоонун  элементтерин  калыптандыруу  маселелери  каралды.

     Бул сабакта студенттер,  ысык өлөклөрдөгү кеңири таркалган рельефтин формасы - географиялык өзгөчө аймак, кургак климаттык шарттын эң акыркы точкасы, биологиялык айлануунун толук талкалануу чек арасы болгон чөл жөнүндө кеңири маалыматка ээ болушту – дейт А. Мамытова.

     А. Мамытова окмуштуулардын далилдөөсүнө таянып,  Чөл жана анын рельефинин формаларынын пайда болуу  “механизми” болуп Жерде жылуулуктун жана нымдуулуктун, атмосфералык басымдын, шамалдын жана атмосфералык аба массасынын жалпы айланышынын бирдей эместиги деп санайт. Ошондуктан аба массасынын планетардык масштабда айланыш өзгөчөлүгү, жергиликтүү географиялык абал экватордон түндүктө жана түштүктө 150 кеңдик менен 450 кеңдиктердин ортосунда чөл алкагынын пайда болушуна шарт түзгөндүгүнө токтолду.

Ошондой эле чөлдөр литологиялык жана ландшафттык өзгөчөлүгүнө карап бир нече түргө (кумдуу чөл, таштуу чөл, чополуу чөл, ж.б.) бөлүнгөндүгүн жана андагы рельефтин формаларын (бархан, дюна, такыр жерлер ж.б.) белгилеп, слайд боюнча көрсөтүп, түшүндүрмө берди. Чөлдөрдө өсүмдүктөр жана жан-жаныбарлардын жашоо тиричилигинин канчалык татаалдыгын баса белгилеп,   биз жаратылышы эң кооз жана климаттык,  рельефтик түзүлүшү ыңгайлуу богон өлкөдө жашай турганыбызды эскертүү менен биздин мындай байлыктарыбызды туура пайлаланууну, коргоону жаш адистерге үйрөтүп, келечегибизди түптөй алабыз деген максатта  ачык сабак уюштурулганын кошумчалай кетти .  

  • ЧӨЛ – ГЕОГРАФИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨ АЙМАК
  • ЧӨЛ – ГЕОГРАФИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨ АЙМАК