AVN







ДОСТУК СЫНАГЫ БОЛДУ

ДОСТУК СЫНАГЫ БОЛДУ
 Dec 18, 2018  697

Жалал-Абад колледжинин «Укук таануу жана социалдык иш», «Бухгалтердик эсеп жана салык салуу» бөлүмдөрүнүн студенттеринин ортосунда “2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90-жылдык маарекесине карата достук жана таанышуу кароо сынагы болуп өттү. Бул туурасында “Укук таануу  жана социалдык иш” бөлүмүнүн башчысы Динара Жураева кабарлады.

Кароо сынактын жыйынтыгында “Укук таануу жана социалдык иш” бөлүмү биринчи орунду жеңип алып I даражадагы диплом менен сыйланышты. Сынакка активдүү катышкандыгы үчүн   Срк 2-17 тайпасынын студентти Бактыбек кызы Гулнур, Утк 2-17 тайпасынын студенттери Аманова Милена, Равхат уулу Байгазын жана Асанов Кыял грамота менен сыйланышканы айтылат маалыматта.

  • ДОСТУК СЫНАГЫ БОЛДУ