AVN







ЖАШТАРГА СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ

ЖАШТАРГА СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ
 Dec 17, 2018  1101

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жаштар комитетинин төрагасы жана 3 сектар башчысы жаштар күнүнө карата Ардак громаталар менен сыйланышты. Бул тууралуу Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов маалымдады.

Анын айтымында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери шаардагы мекеме-ишканалар тарабынан уюштурулган  коомдук иштерге активдүү катышып келишет.  Жаштар шаардын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу колубуздан келбесе дагы, социалдык өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошобуз деген ойду карманышат. Алардын эмгеги бааланып, бир катар ишканалар тарабынан Ардак громаталар ыйгарылды. Бул сыйлык бизге дем берип, келечекте дагы да мыкты салым кошуубузга өбөлгө болот  – дейт А. Усенов.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак громатасы менен ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы  - Адилет Усенов  сыйланды.

Жалал-Абад шаарынын мэринин Ардак громатасы менен Жаштар комитетинин тегерек үстөл жана дебат иштери боюнча сектор башчысы Искендер Зиябидин уулу жана маданият сектор башчысы Алтынай Базарбай сыйланды.

Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Ардак громатасы маалымат иштери боюнча сектор башчысы Орозалиева Бүбүсарага ыйгарылды.

  • ЖАШТАРГА СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ
  • ЖАШТАРГА СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ
  • ЖАШТАРГА СЫЙЛЫКТАР ЫЙГАРЫЛДЫ