ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ – ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ, ДИПЛОМАТ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР
Dec 17, 2018 1097
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери Ош МЮИде Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. "Чынгыз Айтматов – залкар жазуучу, дипломат жана мамлекеттик ишмер" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга профессордук окутуучулук курам жана студенттер менен биргеликте өткөрүлгөн. Мындай маалыматты Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын башчысы Гулжамал Токтогулова билдирди.
Конференцияга ЖАМУнун социалдык иш адистигинин студенттери катышып, СКк-1-17 тайпасынын студенттери Бакиров Азамат жана Шерматова Чынара пленардык жыйында мыкты илимий баяндама жасашкандыгы үчүн ардак грамоталар менен сыйланышты – дейт ал.