AVN







ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Dec 17, 2018  879

“Фармация” адистигинин студенттери менен иш берүүчүлөр ортосунда жолугушуу болуп, окуу программасына коюлган талаптар жана жаш адистердин жумуш менен камсыз болуусу жөнүндө талкуу жүрдү.

Жалал-Абад  мамлекеттик  университетинин  Медициналык  колледжинин “Фармация” бөлүмү тарабынан уюштурулган жолугушууга  ОсОО “Неман-Фарм”, ОсОО “Элфарм”, ОсОО “Фарм-Эксперт”, ОсОО “Био Мир”, ОсОО “Вита плюс” жана башка фирмалардын директорлору жана адистери катышышты. Аталган бөлүмдүн башчысы Кыялбек Дыйкановдун айтымында  иш берүүчүлөр менен  студенттердин маектешип пикир алмашуусу кызуу суроо жооптор менен өткөрүлдү жана окуу программасына коюлган талаптар азыркы илим техниканын жетишкендиги жаңы талапка жооп берген “1 С программа бухгалтерия” программалары окуу планына сунушталышы жумуш берүүчүлөр тарабынын колдоого алынды. Ошондой эле студенттер тарабынан жумушка орношуу, резюме берүү жана ваканттык орундар боюнча көптөгөн суроолор берилип жетекчилер тарабынан канаатандырарлык жоопторду  алышты – дейт ал.

Бул иш-чараны уюштуруунун максаты, жаш адистердин жумуш менен камсыз болуусуна мүмкүнчүлүк түзүү. Андан сырткары калаада өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан аптекалар менен тыгыз байланышта болуп, студенттердин теориялык   алган билимин практикада колдонууда көмөк көргөзүп келишкенин кошумчалайт К. Дыйканов.

  • ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ