AVN







КОНФЕРЕНЦИЯНЫН ТАБИГЫЙ-МАТЕМАТИКАЛЫК БАГЫТЫ

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН  ТАБИГЫЙ-МАТЕМАТИКАЛЫК БАГЫТЫ
 Dec 17, 2018  687

КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, философия илимдеринин доктору, профессор Ниязалиев Шалообай Мамасалиевичти эскерүүгө арналган “Ниязалиевдик окуулар”  алкагында “Илимдин өнүгүшү, проблемалары, перспективалары аталышындагы” илимий практикалык конференциянын “Табигый-математикалык багыт”  секциясында бардыгы болуп 18 доклад окулду.

Аталган секцияда  Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасынын, филология факультетинин немец тили жана чет тилдер кафедрасынын, Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин  филология жана педагогика кафедрасынын  студенттери активдүү катышышты.

Конференциядагы окулган докладдар өзүнүн актуалдуулугу, практикалык жактан  маанилүүлүгү  менен  катышуучулардын арасында суроо-жооптор аркылуу кызыктуу талкууларды жаратты.

Жыйынтыгында: 

1-даражадагы диплом менен Табигый-техникалык факультетинин химия кафедрасынын Х-1-17 тайпасынын студенткасы Маданбекова Нурэл (жетекчиси Н.Б.Арстанбекова); 

2-даражадагы диплом мененТаш-Көмүр инженердик-педагогикалык факультетинин  филология жана педагогика кафедрасынын  КТА-1-16 тайпасынын студенткасы Орункулова Елена (жетекчиси Турдубаева М.); 

3-даражадагы диплом менен Табигый-техникалык факультетинин химия кафедрасынын Х-1-16 тайпасынын студенткасы Бешкемпирова Назира (жетекчиси Н.Б.Арстанбекова); 

Автивдүү катышкандыгы үчүн атайын диплом менен  филология факультетинин немец тили жана чет тилдер кафедрасынын НТ-1-17  тайпасынын студенткасы  Багышбекова Нуркыз (жетекчиси Токтогулова Г.) сыйланышты.

  • КОНФЕРЕНЦИЯНЫН  ТАБИГЫЙ-МАТЕМАТИКАЛЫК БАГЫТЫ