AVN







АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
 Dec 15, 2018  781

Академиялык мобилдүүлүктү ишке аыруу алкагында 2018-жылдын  10 декабрынан 14-декабрына чейин ЭЮФтун Финансы жана кредит кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент А. Карбекова Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин экономикалык факультетине, Б. Ельцин атындагы Кыргыз Россия Славян университетинин экономикалык факультетине жана Р. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин “Каржы жана каржылык көзөмөл” кафедрасында таанышуу жана тажрыйба алмашуу иретинде иш сапарга барып катышып, тастыктоочу сертификаттарга ээ болуп келди.

Тажрыйба алмашуу мезгилинде көрүнүктүү окумуштуулар менен жолугушуулар болгон. Ага Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары, э.и.к., профессор Э.К. Усенов, Кыргыз Россия Славян университетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары, э.и.д., профессор Н.А. Бровко, Р. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, э.и.д., профессор К.А. Атышов, окуу методикалык иштери боюнча проректор, э.и.к. Д.М. Турсуналива, Эл аралык байланыштар жана проекттер боюнча проректор, э.и.к., доцент А.Т. Кадыралиев, э.и.д., профессор Э.В. Самигуллин, “Каржы, статистика, эсеп институтунун директору, э.и.д., профессор Б.И. Ишенов,  “Каржы жана каржылык көзөмөл” кафедрасынын башчысы,  э.и.д., профессор Г.Д. Жапаров, “Экономика, менеджмент, маркетинг” кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Ч.М. Алкадырова, Н.Ж.Жумабекова э.и.к., доцент жана башкалар келди – дейт А. Карбекова.

  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК