AVN







Мамлекеттик фондунун 20 жылдыгына жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция

Мамлекеттик фондунун 20 жылдыгына жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция
 Dec 15, 2018  680

К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Кыргызпатенттин алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 20 жылдыгына байланыштуу жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт” аттуу конференцияга ЖАМУнун ТИКБнын координатору А. Карбекова барып катышып келди.

Конференция 3-бөлүктө өттү: иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү саламдашуу сөзү, сыйлыктарды ыйгаруу аземи, иш-чаранын мазмундуу бөлүгү презентациялар жана талкуулар болду.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көргөзмөлөр, кичи сахналаштыруулар, жазуучунун маданият менен искусствонун өнүгүшүнө тийгизген таасирине арналган чыгып сүйлөөлөр болду.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы Д.А. Молдошева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С. Өмүрбекова, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университеттин ректору, профессор А.И. Мусаев, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору У.Д. Сыдыков, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Б.Ш. Секимов, Улуттук илимдер академиясынан,чыгармачыл союздардын өкүлдөрү, ойлоп табуучулар, окумуштуулар, аймактык балдар техникалык ийримдеринин жетекчилери, ЖОЖдун Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун аймактык координаторлору, көрүнүктүү маданият ишмерлери катышышты.

         20-жыл ичинде ИМ Мамфонду авторлорго, ойлоп табуучуларга, окумуштууларга, маданият ишмерлерине материалдык, уюштуруучулук, маалыматтык колдоо көрсөтүп, алардын эмгектерин жарыяланышына, илимий конференциялардын, семинарлардын өткөрүлүшүнө, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө, ишканаларына патенттик маалыматтын жеткиликтүү болушуна, балдар техникалык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө, баштапкы техникалык билим берүү ийримдеринин түзүлүп, кайра жандандырылышына, илимий-техникалык олимпиадалардын, сынактардын өткөрүлүшүнө салымын кошуп келет.

  • Мамлекеттик фондунун 20 жылдыгына жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция
  • Мамлекеттик фондунун 20 жылдыгына жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция