AVN







БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ

БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ
 Dec 13, 2018  747

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Биз Ч.Айтматовду окуйбуз” аттуу сдуденттердин “Окурман ордо” адабий интеллектектуалдык таймашы болуп өттү. Аталган таймаш “Делбирим” (КТ-1-18), “Ак кеме”  (КТ-1-17), комадалардын ортосунда болуп, бул окурмандарга Ч.Айтматовдун чыгармаларынан жана логикалык суроолор берилди.

Ошону менен бирге маданий чыгармачылыктарын да көрсөтүштү. Командалардын ичинен “Делбирим” командасы биринчи орунду ээледи. Таймаштын жеңүүчүлөрүнө, катышуучуларына Ардак Грамота жана китептер белекке берилди.

         Таймаштын уюштуруучусу кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын ага окутуучусу А.Шерипбаев: бул таймашты уюштуруубуздун негизги максаты сдуденттерди китеп окууга, китепти сүйүүгө үйрөтүү. Таймашта    берилген суроолордун логикалуу, татаал экендиги сдуденттерге чыгарманын ар бир окуясын түшүнүп, маани берип окуу керектигин билгизди - дейт.

  • БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ
  • БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ
  • БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ
  • БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ
  • БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ
  • БИЗ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ОКУЙБУЗ