AVN







ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН

ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН
 Dec 12, 2018  699

Экономикалык-юридикалык факультетинде “Финансы жана кредит” кафедрасы тарабынан экономика илимдеринин доктору, профессор, ректордун социалдык-экономикалык маселелери боюнча кеңешчиси, Зулпукаров Аманкул агайга арналган «Өмүрү өрнөк инсан» аттуу иш чара болуп өттү. 

Иш чарага ЭЮФтун деканы э.и.д., профессор А. Аскарова, кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Иш чаранын башында А. Зулпукаровдун өмүрү жөнүндө “Мекеним сенден башталат”, “Алтын аяк” видеотасмалар коюлду. Студенттер кызыккан суроолорун беришти. А. Зулпукаровдун аспиранттары э.и.к., доцент А. Карбекова, э.и.к., доц.м.а. С.Уметов, э.и.к., Ж. Садыралиев, улук окутуучу Г. Абдырахманова өздөрүнүн каалолорун жана жылуу сөздөрүн айтышты. Кафедранын доц.м.а Г. Жамашева, окутуучулар Н. Ражабалиева,    Н.Мусакуловдор профессор А.Зулпукаров жөнүндөжетишкен ийгиликтерине, эмгектерине токтолуп кетишти.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон профессор А.Зулпукаровдун басып өткөн өрнөктүү өмүрү, эмгек таржымалы, ой туйгуусу, көз караштары, жасаган урунтуктуу иштери, азыркы муундарга өрнөк болушу кийинки муундарды тарбиялоодо өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана жаны муундун өсүп-жетилишине салым болмокчу – дейт А. Карбекова.

 

Зулпукаров Аманкул (21.06.1945)

Экономика илимдеринин доктору (27.12.2005), профессор (2012)

Кыргыз. Туулган жери: Саты кыштагы, Сузак району

Билими: жогорку КМУУ (1969), Ташкенттеги жогорку партиялык окуу жайы (1990)

Адистиги: Экономист, политолог.

Жалпы эмгекстажы 54, педагогикалык-18 жыл

Иш тажрыйбасы: (1969-1994жж) курулуш, сода мекемесинде жана республикадагы мамлекеттик статистика органдарында экономист, бөлүм башчысы, областтык статистика башкармалыгынын башчысы, мамлекеттик статистика комитетинин башчысынын биринчи орун басары, ушул эле комитеттин башчысы, (1994-1998жж) Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын айыл чарбасы боюнча орун  басары, (1998 жылдан ушул мезгилге чейин) Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, экономика жана укук институтунун директору, 2016-жылдын июнь айына чейин ЖАМУда экономика-юридикалык факультетинин деканы.    

Эмгектери: Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин грифи менен чыккан 3 окуу китебинин автору, 3 окуу куралы, 3 монография, 90 илимий макала.

Негизги жарык көргөн эмгектери:

  1. «Статистика» окуу китеби, Жалал-Абад, 2000. 12,4 б.т. Министр грифи менен.
  2.  «Экономикалык теория» окуу китеби Жалал-Абад, 2002. 13,6 б.т.Мин. грифи менен.
  3.  «Экономикалык теория» окуу куралы, Жалал-Абад, 2008. 9,2 б.т.
  4. Экономическая теория-лекциялар курсу, 2010.16, б.т. -   Министр грифименен.
  5. Статистика (лекциялык курс), 2014-ж. 10,75 б.т.
  6. Монография  «Аграрная реформа в Кыргызстане», Жалал-Абад, 2001. 14,3 б.т.
  7. Монография «Социально-экономические проблемы, аграрные реформы в Кыргызстане», Жалал-Абад, 2002. 14,0 б.т.
  8. Монография-башка авторлорменен, Формирование и развитие агробизнеса в условиях трансформирующиеся экономики. Бишкек, 2002. 19,8 б.т.

Мамлекеттик сыйлыктары:

  1. Май 1965 жылы  ССР Жогорку Советтин Указы менен   «ХХ лет победы в Великий Отечественной войне» деген медаль менен сыйланган.
  2. 1978 жылы СССР Борбордук статистика башкармасынын жана СССР Борбордук профсоюз Комитетинин «Отличник социалистического учета» деген төш белги менен сыйланган.
  3. 1989 жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  4. 2009 жылы Билим берүү жана илимминистрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
  5. 2013-жылы «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги»
  6. 2013- жылы Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу
  7. 2016-жылы КР Ардактуу аксакалы

  • ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН
  • ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН
  • ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАН