AVN







Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
 Dec 12, 2018  1079

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл шаарындагы колледжинин 37 жылдык тарыхы бар. Бул жыл аралыгында окуу жай миңдеген студенттерге билим берип чыгарды. Учурда дагы жалпы жамаат Шайырбек Чолпонкуловдун жетекчилиги менен бир катар багыттагы адистерге татыктуу билим берүү аракеттерин улантып жатышат.ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин директору Шайырбек Чолпонкулов — Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын аспиранты, 22 илимий иштердин, 5 окуу усулунун автору жана доценттин милдетин аткаруучу.
Мурунку Фрунзе шаарындагы №27 орто окуу жайын (токарь адистиги боюнча) 1983-жылы артыкчылык диплом менен аяктап, 1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келген. 1986-жылы Россия мамлекетиндеги Томск шаарындагы Киров атындагы политехникалык институтунда билим алып баштап, 1996-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл инженердик факультетинен машина куруунун технологиясы багыты боюнча инженер-механик адистигин алган. Ал эми 1990-жылы Кара-Көл шаарындагы «Достук» заводунда токарь, 1991-жылы №4 Д.Шопоков атындагы орто мектепте чийүү сабагынан мугалим, инженер, 1993-жылдан тарта ЖАМУнун Кара-Көл инженердик факультетинин машина куруу кафедрасында инженер, факультетте башкы инженер, 1996-жылдан 2000-жылга чейин машина куруу кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, 2006-жылдан 2009-жылга чейин аталган кафедрада башчы болуп эмгектенген. 2009-жылдан баштап ЖАМУнун Кара-Көл коледжинин директору болуп эмгектенип жатат.
Жетекчи 1 уул, 3 кыздын атасы. Жубайы Үметова Эльмира кесиби боюнча педагог.
Ш.Чолпонкулов ректордун, шаардык кеңештин, мэриянын, губернатордун ардак грамотасы, 2012-жылы Москва шаарында «КМШнын 85 жылдык мааракелик» медалы менен сыйланган. Ошондой эле 2013-жылы ЖАМУнун эмгек сиңирген кызматкери медалына татыды. 2017-жылы генерал-майор Калыйнур Үсөнбеков атындагы төш белги менен сыйланган.
Turmush басылмасынын кабарчысы Ш.Чолпонкулов менен маектешип, окуу жайдын ишмердүүлүгү боюнча кенен маалымат алды.
- Шайырбек Сатыбалдиевич, Алгач ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин кыскача тарыхы туралуу айтып берсеңиз.
- Биздин окуу жайдын тарыхы 1981-жылга барып такалат. Ошол жылы Куйбышевдеги (Самара шаарындагы) Энергокурулуш техникумунун филиалы катары уюшулуп, 2008-жылы 17-августта Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин буйругу менен ЖАМУнун Кара-Көл колледжи болуп өзгөртүлгөн. Колледж орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик окуу жай болуп эсептелет. Бизде энергокурулуш жана транспорт, табигый жана экономика бөлүмдөрү бар. Профессордук-окутуучулар курамында 25 мугалим эмгектенет. Анын ичинде илимдин 3 кандидаты, Билим берүүнүн мыктысы наамына ээ болгон 7 мугалим, 2 доцент, 6 ага окутуучу, 13 окутуучу, 2 окутуучу Токтогул ГЭСтен, Күрп-Сай ГЭСтен, Камбар-Ата-2 ГЭСтен келип сабак беришет. Учурда биздин колледжде 375ден ашык студент билим алып жатышат.
- ЖАМУнун курамына киргенден баштап колледжде кандай өзөрүүлөр, жетишкендиктер бар?
- Буга чейин колледжде кечки бөлүмдө 3 адистик боюнча кадрлар даярдалып келсе, ЖАМУнун курамына киргенден баштап чоң өзөрүүлөр болду. Мисалы, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү ачылды. Жети адистик багыт боюнча уруксат алынып (лицензия), орто билимдүү адистерди даярдайбыз. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Синьцзян университетинин Конфуций институтунун класстары ачылып, эки жылдан бери колледжде студенттерге кытай тили үйрөтүлүп жатат. ЖАМУнун электрондук китепканасы аркылуу биздин студенттер Кыргызстандын китепканаларынын биргелешкен юридикалык «Электрондук китепканалар» ассоциациясынын 16 китепканасы менен байланышта болуп, өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышат.
- Студенттер кайсыл адистиктер боюнча билим алып жатышат? Ошондой эле кайсы адистиктер бюджеттик, келишимдик негизде окутулат? Колледждин негизги булактары туралуу айта кетсеңиз.
- Азыркы убакта Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл колледжи орто кесиптик, бакалавр даражасы менен билим берип, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө бир катар адистерди даярдап жатабыз. Алар — экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнч), финансы (тармактар боюнча), башталгыч класстардын мугалими, гидротехникалык курулуш, транспорт, жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу (транспорттун түрлөрү боюнча), электр менен жабдуу (тармактар боюнча), электростанциялар, торчолор жана системалар.
Биздин окуу жайда бардык адистиктер келишимдик негизде окулат, бюджеттен каржыланбайт. Каржы булагыбыз — студенттердин келишим акысы. Ошондой эле ЖАМУ, аталган окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек  Жумабекович, илимий иштер боюнча проректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Алыбаев Курманбек Сарманович, шаарыбыздын мэри Еркеев Ильяз Марсович жана шаарыбыздагы жетекчилер колледждин базасын чыңдоого ар тараптан колдоо көрсөтүп, жардам берип турушат.
- Окуу жайдын имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүптүр. Бул имарат бир кездерде жумушчулардын жатаканасы болуп, кароосуз калган эле. Өз алдыңызча инвестиция тартып, бюджеттен каржыланбаган окуу жайдын имаратын оңдоодон өткөрүү оңойго турбаса керек...
- Өкмөттүн 2007-жылдагы токтомунун негизинде, шаардык мэриянын 2010-жылдагы буйругу менен көп жылдан бери кароосуз калган эски жатакана ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин окуу-лабораториясына мөөнөтсүз берилген. Ошол кезде жатакананын абалы кандай болгонун, азыр кандай болуп калганын шаар эли билет. Жогоруда айтып кеткендей эле, колледждин материалдык-техникалык базасын чыңдоого бюджеттен акча каражаты каралбайт. Өзүбүздүн жана ЖАМУнун жардамы менен имараттын 1-2-кабатын жана чатырын оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Үч жылдан бери Азия өнүктүрүү банкы менен иштешип, үч адистик — гидротехникалык курулуш, электр менен жабдуу жана электростанциялар, торчолор жана системалар боюнча долбоорго кирип, имараттын 3-кабатын 6 млн сомго оңдодук. Аталган 3 адистик боюнча 8 млн сомдук лабораториянын жабдыктары алынып келип, орнотулду.
- Окутуу практика менен айкалышабы? Сиздерден билим алып чыккан студенттер жумуш ордун табууда кыйналышпайбы?
- Албетте, теория менен практика айкалышат деп ойлойм. Анткени ар бир окуу жайда окуу практика менен айкалышпаса, даярдаган адистерибиз барган жеринде иштей алышпайт.
Бизден билим алган студенттер учурда Токтогул ГЭСтер Каскадында, Күрп-Сай ГЭСинде, Камбар-Ата-2 ГЭСинде, банктарда, №30 жол тейлөө ишканасынын өндүрүшүндө, шаардагы билим берүү мекемелеринде практикаларын өтөшөт. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн 40 пайызы шаарыбызда, республикада, ал эми 20 пайызы өлкөдөн сырткары — Россия, Казакстан мамлекеттеринде эмгектенип жатышат.
- Жакында Кытай Эл Республикасында болуп кайттыңыз. Ал жакка барган иш сапарыңыздын максаты кандай эле?
- Туура айтасыз. Ушул жылдын 18-ноябрынан 28-ноябрына чейин тажрыйба алмашуу максатында ЖАМУнун кызматкерлеринен турган делегация Кытайдын Синьцзян университети менен болгон келишимдин негизинде иш сапарда болуп келдик. Максатыбыз — ал жактагы жогорку окуу жайдын кызматкерлери менен жолугушуп, СУАРдын билим берүү мекемесинин башчылары менен маек куруу болду. Мындан сырткары Синьцзян университетинин алдындагы Эл аралык институтуна экскурсия жасап, кытай тили жана маданияты сабагына катыштык. Мындан сырткары Сиань шаарындагы Шанси университетинин, Синьцзян агрардык-техникалык кесиптик институтунун кызматкерлери менен жолугуштук. Эң башкысы биз ал жактан иш жүргүзүү ыкмасына, өнүгүүсүнө күбө болуп, чоң стимул менен кайттык.
Жолугушууда мен Кара-Көл колледжи боюнча маалымат бердим. Алар биз менен энергетика, курулуш, транспорт адистиктери боюнча кызыгып пикир алмашып жатышты.


 

Булак: “Turmush” сайты

  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи
  • Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 37 жылдык тарыхы бар Кара-Көлдөгү колледжи