AVN







БЮДЖЕТТИК СИСТЕМАНЫ БААЛОО, КАРЖЫЛЫК ПОЛИТИКА ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК КОНТРОЛЬ

БЮДЖЕТТИК СИСТЕМАНЫ БААЛОО, КАРЖЫЛЫК ПОЛИТИКА ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК КОНТРОЛЬ
 Dec 12, 2018  770

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары мамлекеттик, муниципиалдык жана бей өкмөттүк уюмдардын адистерине семинар-тренинг болууда. Аталган семинар  Erasmus+ программасынын ROAD долбоорунун алкагында уюшулуп, Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы Айнура Аскарова, «Экономикалык билим берүү” кафедрасынын башчысы Эмил Төлөнов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гулнура Маткалыкова өтүүдө.

Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Гулнура Маткалыкованын айтымында семинар-тренингдин темасы “Бюджеттик системаны баалоо, каржылык политика жана финансылык контроль” – деп аталат. Максаты: каржылык көзөмөл, аудит жана мамлекеттик чыгашаларды баалоо, өнүктүрүү үчүн бир катар трениндерди уюштуруу.

“Бул багытта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн окутуулар аз болууда. Аны жөнгө салууну  ойлоп, ЖАМУнун профессор-окутуучулары тарабынан программалар иштелип чыгып, биз тараптан уюшулган тренингдерде иштелип чыккан программалар көргөзүлүүдө. Мындай тренингдерди өткөрүү менен аймактардын өнүгүүсүнө салым кошо алабыз” – деген оюн айтты.

Белгилей кетсек, семинар-тренинг Ханне Зайдель Фондунун бүтүрүүчүсү А.Калиев, Жалал-Абад мамлекеттик уннверситети, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси  Маткалыкова Г.А. тарабынан уюштурулууда. Ал эми катышуучуларга  лекция окуп жаткан ЖАМУнун профессор-окутуучулары ушул жылы Erasmus+ программасынын ROAD долбоорунун алкагында, Лиссабон техникалык университеинде (Tecnico Lisboa, Portugal) семинар-тренингдерге катышып келишкен. Ал жактан алган маалыматтарын катышуучулар менен бөлүшүүдө – дейт Г. Маткалыкова.

  • БЮДЖЕТТИК СИСТЕМАНЫ БААЛОО, КАРЖЫЛЫК ПОЛИТИКА ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК КОНТРОЛЬ
  • БЮДЖЕТТИК СИСТЕМАНЫ БААЛОО, КАРЖЫЛЫК ПОЛИТИКА ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК КОНТРОЛЬ