AVN







АДАМДЫН КЕЛИП ЧЫГУУСУ

АДАМДЫН КЕЛИП ЧЫГУУСУ
 Dec 12, 2018  7746

Табигый-Техникалыкфакультетинин География кафедрасынын Юк-18, ЭУ-1-18 тайпасында 1-декабрь 2018-жылы кафедранын ага окутуучусу К. Н. Артыкбаева Адамдын келип чыгышы жана эволюциясы деген  темада лекциялык ачык сабак өттү.

 Ачык сабактын планы:

1.Адам табигый илимий таануунун предмети катары жана адамдын жер бетинде пайда болу проблемасы.

2.Адам менен жаныбарлар ортосундагы окшоштуктар жана айырмачылыктар.

3.Антропология.

4.Маданият эволюциясы.

Лекциянын максаты:

-Адамдын келип чыгышындагы ар кандай көз-караштарды, концепцияларды, алып чыгып илимий теориялар менен салыштыруу;

-адамдын келип чыгышынын стадиясындагы, адамдын жаныбарлардан келип чыгышындагы илимий далилдерди системалап жана тереңдетип жалпылоо;

-антропогенездин ар түрдүү стадияларындагы биологиялык жана социалдык факторлордун таасири.

   Бул сабакта студенттер адам баласынын келип чыгышындагы илимий, диний , мифологиялык концепциялар жөнүндө маалыматтарга ээ болушту –дейт К.Артыкбаева.

     К.Артыкбаева адамдын биосоциалдык жандык экендигине, жаныбарлар менен адамдардын ортосундагы окшоштуктарга жана айырмачылыктарына, адамдын келип чыгышынын проблемаларына, маданият эволюциясына  слайд , видео аркылуу  кеңири түшүндүрмө берди.

  • АДАМДЫН КЕЛИП ЧЫГУУСУ
  • АДАМДЫН КЕЛИП ЧЫГУУСУ
  • АДАМДЫН КЕЛИП ЧЫГУУСУ
  • АДАМДЫН КЕЛИП ЧЫГУУСУ