AVN







«Так, даана болсо эсебиң – дилиңде болбойт кеселиң!» аталыштагы студенттик илимий-практикалык конференция

«Так, даана болсо эсебиң – дилиңде болбойт кеселиң!» аталыштагы студенттик илимий-практикалык конференция
 May 20, 2017  1111

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Экономикалык билим берүү» кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери тарабынан «2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында «Так, даана болсо эсебиң – дилиңде болбойт кеселиң!» аталыштагы студенттик илимий-практикалык конференция 16-май күнү АТФ корпусунун библиотекалык залында уюштурулуп өткөрүлдү. Конференциянын ачылуу аземинде уюштуруучу, кафедра башчысы Сабирали Сыдыков конференцияны ачып сөз сүйлөдү. Ошондой эле, университеттин аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы З.Асилова, экономикалык-юридикалык факультетинин деканы э.и.д., проф. А.К.Аскарова, «Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасыные башчысы, филос и.к., доцент Р.К.Шамшиев куттуктоо сөз сүйлөштү.

Илимий докладдар «Адеп башаты» прогрессивдщщ фондунун директору Абыл уулу Дабитбек «Ыйман адеп жана үй-бүлө», экономика илимдеринин доктору, профессор А.З.Зулпукаров «Бухгалтердик эсептин эл аралык стандартка көчүрүүнүн тарыхы», «Финансы жана каржы» кафедрасынын доценти, э.и.к. Ж.Садыралиев «Кыргыз Республикасындагы калктын саны жана жайгашуусунун абалы», Экономикалык билим берүү» кафедрасынын окутуучулары М.Ж.Акжолова «Улуттук экономиканые өсүшүнө бухгалтердик эсептин таасири», М.Айылчиева «Кирешеге жараша чыгаша кылуу теориясын үйрөнүү» макалалары менен чыгышты. Ал эми БЭк-1-13 тайпасынын студенттери М.Багышева «Совершенствование системы регулирования бухгалтерского учета и отчетности в КР», Б.Мараимов «Как рассчитывается заработная плата» жана ушул сыяктуу докладдар менен конференциянын катышуучуларын тааныштырышты. Конференциянын аягында студенттер тарабынан даярдалган көркөм-чыгармачылык бөлүк көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Жыйынтыктоочу учурда чакырылган коноктор тарабынан конференциянын деңгээли жогору болгону белгиленди.

Белгилей кетсек, «Экономикалык билим берщщ» кафедрасынын жамааты жана студенттери тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү студенттик илимий-практикалык конференцияга атайын видеотасма даярдалып, сунушталганы да өзгөчө белгиленди