AVN







СТУДЕНТТЕР АДВОКАТУРА ТУУРАЛУУ КОШМЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ

СТУДЕНТТЕР АДВОКАТУРА ТУУРАЛУУ КОШМЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ
 Dec 11, 2018  635

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери эми адвокаттын кызматын акысыз жүргүзүүнү жана коомчулук аны кантип пайдалануусун билишет. Бул тууралуу аларга областтык Юстиция башкармасынын адиси Акбар Эрматов айтып берди. Маалыматты Юриспруденция кафедрасынын мугалими,иш-чаранын демилгечиси Нурлис Нарматов билдирди.

Алынган маалыматка караганда, ЖАМУнун Экономика-юридикалык факультетинин студенттери арасында Адам укугунун жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгына 70 жыл болгондугуна карата “Акысыз адвокаттын кызматынан кантип жана кайдан пайдаланса болот?” – деген темада талкуу болупакысыз пайдалана ала турганы тууралуу кеңири кеп болду. Анткани коомдо аз камсыз болгон үй-бүлөлөр да аз эмес, алар дайыма эле адвокаттын кызматын төлөп бере алышпайт.Ошондой учурда акысыз пайдалануу учурлары жана шарттары түзүлгөн. Бул да болсо, мамлекеттин карапайым атуулдарга камкордугу болуп саналат.

Бул талкууга ЖАМУнун студенттери жана Юстиция башкармалыгынын өкүлдөрүнөн башка да коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Тактап айтканда, “Сейит-Ата” коомдук фондусунун жетекчиси Азамат Калиев катышып, алар карапайым жарандарга юридикалык акысыз жардамды кантип берип жатышканы тууралуу кеп салып берди.

  • СТУДЕНТТЕР АДВОКАТУРА ТУУРАЛУУ КОШМЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР АДВОКАТУРА ТУУРАЛУУ КОШМЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР АДВОКАТУРА ТУУРАЛУУ КОШМЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ
  • СТУДЕНТТЕР АДВОКАТУРА ТУУРАЛУУ КОШМЧА БИЛИМ АЛЫШТЫ