AVN







ААЛАМДЫ ЧАРК АЙЛАНГАН АЙТМАТОВ

ААЛАМДЫ ЧАРК АЙЛАНГАН  АЙТМАТОВ
 Dec 10, 2018  733

Табигый-техникалык факультетинин География багытынын Г-1-17 тайпасынын студенттерине 7-декабрда  «Ааламды чарк айланган  Айтматов» темасындагы улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына  арналган  куратордук  саат өткөрүлдү. Куратордук саат аталган тайпанын куратору

А.Ж.Керимбекова тарабынан уюшулган .

Эскерүүнүн негизги максаты улуу жазуучубуздун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калаарын дагы бир ирет даңазалоо болгонун айтат А. Керимбекова.

 Негизинен эле Ч.Айтматовду бүт дүйнө эли таанып, кыргыз эли сыймыктанган жазуучу экенине ынанбай коё албайсын. Жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык өзгөчөлүк бар. Анын чыгармалары аркылуу жаштарга туура тарбия берип, келечекке даярдай алабыз деп билдирди Г-1-17 тайпасынын куратору А.Ж.Керимбекова.

  • ААЛАМДЫ ЧАРК АЙЛАНГАН  АЙТМАТОВ
  • ААЛАМДЫ ЧАРК АЙЛАНГАН  АЙТМАТОВ
  • ААЛАМДЫ ЧАРК АЙЛАНГАН  АЙТМАТОВ
  • ААЛАМДЫ ЧАРК АЙЛАНГАН  АЙТМАТОВ
  • ААЛАМДЫ ЧАРК АЙЛАНГАН  АЙТМАТОВ