AVN







МАНАС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

МАНАС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
 Dec 10, 2018  716

ПМТФнын Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын Социалдык иш адистигинин 2-3-4-курстарынын студенттери ортосунда “Манасты билесиңби?” аттуу жарыш-сынак өттү. Бул тууралуу  кафедранын башчысы ф.и.к., доцент Г.Т. Токтогулова кабарлады.  

Анын айтымында сынак төрт бөлүктөн турган. Алгач саламдашуу, Манас атабыз жөнүндө баяндама окуу, Манастан үзүндү айтуу жана суроо жооп болду.  “Биздин келечек муундардын кыргызды кыргыз кылып тааныткан, сыймыгыбыз, атабыз, бабабыз Манасты билиши жүрөгүнөн түнөк таап баалап, кастарлашы бизди кубандырды” – дейт Г. Токтогулова.

Эске салсак, “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2013-жылы Кыргызыстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Өкмөттүн токтому менен 4-декабрь Манас күнү деп жарыяланган.

  • МАНАС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАНАС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАНАС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
  • МАНАС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ