AVN







СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСАШУУДА

СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСАШУУДА
 Dec 10, 2018  672

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология  факультетинин  Кт-1-17 тайпасы  майыптар күнүнө карата “Аль-Амаль” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын интернатына барышты. Кайрымдуулук иш-чарасы аталган факультеттин окутуучусу Матазимова Гулзаттын жетектөөсү  менен өткөрүлгөн.

Калктын аярлуу катмарынын жаш жарандарына ар түрдүү таттуулар жана балдардын аң сезимин өстүрүүчү окуу куралдары  тапшырылган. Студенттер наристелерге майрамдык маанай тартуулоо ирээтинде концерттик программа тартуулашкан. Ошондой эле жогорудагы интернаттын тарбиялануучуларды дагы з өнөрлөрүн көргөзүп, конокторго ырдап, бийлеп беришканин айтат студенттер.

Ал эми Филология факультетинин “Кыргыз тили” кафедрасынын Кт – 1-17 тайпасында жалпы 25 студент билим алууда.

  • СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСАШУУДА
  • СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСАШУУДА
  • СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСАШУУДА
  • СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСАШУУДА
  • СТУДЕНТТЕР КАЙРЫМДУУЛУК ЖАСАШУУДА