AVN







АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ

АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
 Dec 8, 2018  912

Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата 90 иш-чара девизинин алдында маданий жана адабий иштер аткарылып келген. Жыл бою жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, анын чыгармалары камтылган концерт уюштурулду. Маданий кечеге  улуу жазуучунун карындашы Роза Айтматова катышты – дейт  ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгул Доранова.

Кечеде жыл ичинде факультеттерде, колледждерде жүргүзүлгөн иштердин мыктылары тандалып, элге тартууланды. Сөзгө чыккан Р. Айтматова - Биринчиден мени чакыргандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Ч.Айтматовдун чыгармаларын ушунчалык сүйүп, жогорку деңгээлде аткарып бердиңиздер. Мен бул жакта ректордон сурап да олтурдум, булар чын эле мугалимдерби же театр актерлорубу?-деп. Себеби аябай берилүү менен аткарып жаттыңар. Буларды айтып жатканымдын себеби Бишкекте дагы бир катар иш-чараларга бардым, ал жерде чыгармаларды сиздерчелик аткара алышкан жок эле, сиздер алардан ашып түштүңүздөр! Азыр мен карап олтуруп чыгармага дагы бир жолу жан киргенин байкадым”- деди.

Биздин окуу жай жыл сайын декабрь айын Ч.Айтматовдун айы катары жарыялап, ага байланыштуу ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп, акырында жыйынтык чыгарууну салтка айландыргандыгына кыйла жыл болуп калды. Жыл башынан  бери карай  “Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына 90 иш-чара” деген девиздин алдында жалпы университет боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө.  Ушул жылдын 30-ноябрында  “Улут руху Ч. Айтматов” аталышында Эл аралык конференция болуп, ага кошуна Өлкөлөрдүн жана республикабыздын жогорку окуу жайларынан тилчи окумуштуулар катышты. Ошондой эле “Мамлекеттик тил жана Ч.Айтматов” деген үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылды.

 Жыл ичинде “Биз Айтматовду окуйбуз”, “Аалам алпы” Айтматов”, “Дүйнө Айтматовду окуйт” аттуу иш чаралар уюшулууда. Бардык адистиктерде Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө диспуттар кечелер өтүлүүдө.

Ошондой эле чет элдик студенттерге да Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу максатында улуу жазуучу атабыздын өмүр таржымалы, чыгармалары боюнча атайын куратордук сааттар өтүлүп, анын каармандарын кагаз бетине түшүрүп, көргөзмөлөр уюштурулду. Ошондой эле Чынгыз атабыздын 90-жылдыгына карата жыл башынан бери 6 факультет, 6 колледж жана 2 институт ортосунда маданий иш чара өткөрүлүүдө.

  • АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
  • АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
  • АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
  • АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ
  • АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ