AVN

АИВ инфекциясын алып жүрүүчүлөр боюнча маалымат берди

АИВ инфекциясын алып жүрүүчүлөр боюнча маалымат берди
 Dec 8, 2018  748

ЖАМУнун Кыргыз тили кафедрасы тарабынан 1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Жалал-Абад областтык СПИДге каршы күрөшүү жана анын алдын алуу борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Талантбек Таштанов менен филология факультетинин студенттеринин жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда Т.Ж.Таштанов адамдын организмине АИВ/СПИДдин таралуу жолдорун, ага каршы күрөшүүнүн ыкмаларын, зарылдыктарын түшүндүрдү. Дүйнө жүзүндө, анын ичинде, Кыргызстандын жана Жалал-Абад областынын аймагында АИВ инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн саны, пайыздык көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди. Студенттер менен суроо-жооп уюштурулуп, керектүү  көрсөтмөлөр таратылып берилди.

Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери тарабынан СПИД инфекциясын жугузуп алуу коркунучтары боюнча сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. 

  • АИВ инфекциясын алып жүрүүчүлөр боюнча маалымат берди