AVN







ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ

ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
 Dec 8, 2018  993

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  «Информатика жана эсептөө техникасы» багытынын «Маалыматтарды иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары» профили үчүн бакалаврды даярдоо боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги программасын талкулоо үчүн тегерек стол уюштурулду. Тегерек стол иш берүүчүлөрдүн жана бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен БАС кафедрасынын кошмо жыйынында өткөрүлдү.

БАС кафедрасынын башчысы Мураталиева В.Т. “Кафедранын бүгүнкү жана эртеңки кадамдары ”, кафедранын окутуучусу Канетова Д.Э. “Бүгүнкү окуу системасындагы AVNпрограммасы”,кафедранын доценти Ажыкулов С.М.  “Бүтүрүүчүлөр менен ЖОЖдын кызматташуу жолдору ” деген темаларда баяндамалар окулду.

Тегерек столдо билим берүүнүн негизги программасы талкууланып, бүтүрүүчүлөр, иш берүүчүлөр өз ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Жолугушууга иш берүүчүлөр:

- Соц. өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камздоо бөлүмүнөн Алиева З.;

- Мегакомдун  директору РО Джалал-Абад, Халбаева А.;

- Сузак Соц.фонду, Жакыпбек к Ш.;

- ОАО РК “АМАНБАНК”директору, Насирдинов Э.;

- ОП ЖОФ “Кыргызтелеком”, Саркаров Т.;

- Полиграфия, Жалал-Абад ш., Алимаматова Ч.;

-Фотостудия “Эрлан”, Садык у А.;

- Интернет-клубу “Aisnet”, Эрназаров Б.;

- МТ ж КТТ бөлүмүнүн инж.-программисти, Түмөнбаева З.;

-ЖАМУ илим бөлүмү, Абдразакова Г.

менен БАС адистигин даярдап чыгарган окутуучулары менен бирге 50дөн ашык студент катышты.

Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр тарабынан анкета толтурулду.

Анда окуу пландарынын ичиндеги кээ бир сабактардын өтүлүшү, аларга болгон өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунушташты. Андан сырткары студенттердин теориялык алган билимдерин, практика учурунда канчалык деңгээлде пайдалана алаары талкууланды. Студенттер өздөрүнүн суроолорун беришип, иш берүүчүлөрдөн жоопторду ала алышты. Ошондой эле иш берүүчүлөр жана окутуучулар ортосундагы байланышты жана студенттерди окутуудагы компетенттүүлүктү талкуулашып, Кыргызстандын келечеги үчүн мыкты адистерди даярдоо үчүн, иш берүүчүлөр менен мындан ары дагы тыгыз байланышта болуп иштеше тургандыктарын айтышты.

  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ
  • ТЕГЕРЕК СТОЛ УЮШТУРУЛДУ