AVN







“Менин ден соолугум – менин байлыгым”

“Менин ден соолугум – менин байлыгым”
 Dec 6, 2018  1857

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Экономикалык-юридикалык факультетинин  “Финансы жана кредит” кафедрасынын окутуучулары  жана  ФКк-1-18, ФКк-1-17, ФКк-1-16 жана ФКк-1-15 тайпаларынын студенттери менен биргеликте иш чара уюштурулду. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин  Жалал-Абад областтык СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун эпидемиялык бөлүмүнүн башчысы Таштанов Талантбек жана дарыгер Сулайманова Кызжибек катышып, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга бул оору тууралуу кенен түшүндүрмө берүү максатында ВИЧ /СПИД тууралуу, анын таралышы жана андан сактануу жолдору жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Баарынан өкүнүчтүүсү иммундук таңкыстык илдетине жаштардын улам барган сайын көбүрөөк чалдыгып жатканы  болууда. Студенттерге  “Мыкты сүрөт”, “Мыкты баяндама” жана “Мыкты суроо” аталыштагы атайын сынактар уюштурулуп, сынактын жеңүүчүлөрүнө 1-2-3- орундарга Ардак грамоталар тапшырылды.

“Мыкты сүрөт” конкурсунда 1-орунга ФКк-1-17 тайпасынын студенти Максатбек кызы Нураида

2-орунга ФКк-1-15 тайпасынын студенти Жеңишбек кызы Сирена

3- орунга ФКк-1-17 тайпасынын студенти Абдуваитова Саида

“Мыкты доклад” конкурсунда 1-орун  ФКк-1-16 тайпасынын студенти Аскарбек кызы Мираида ;

2-орун ФКк-1-17 тайпасынын студенти Садырбек кызы Тахмина

“Мыкты суроо”  конкурсунда ФКк-1-15 тайпасынын студенти Домонов Нурислам татыктуу болушту.

         Иш чарага активдүү катышкан окутуучулар жана кураторлор Ардак грамоталар менен сыйланышты.

  • “Менин ден соолугум – менин байлыгым”
  • “Менин ден соолугум – менин байлыгым”
  • “Менин ден соолугум – менин байлыгым”
  • “Менин ден соолугум – менин байлыгым”
  • “Менин ден соолугум – менин байлыгым”
  • “Менин ден соолугум – менин байлыгым”
  • “Менин ден соолугум – менин байлыгым”