AVN

Илимий конференциядагы алдыңкы орундарга ЖАМУнун студенттери татыктуу болушту

Илимий конференциядагы алдыңкы орундарга ЖАМУнун студенттери татыктуу болушту
 Dec 6, 2018  1395

Жалал-Абад мамлекеттик университетинен 15 студенти Ош мамлекеттик университетинде уюштурулуп өткөрүлгөн 2018-жылдын 29-ноябрындагы  “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференциясына  катышып, ийгиликтүү кайтышты.

Конференцияга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен Кыргыз-Түрк эл аралык университетинен, Талас, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен, ОшТУ, КӨУ, ОшМЮИ, ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунан келген илимге кызыккан алдыңкы студенттер жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Пленардык жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору И. Кенжаев, ЖОЖдордун өкүлдөрү сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалашты.

Пленардык жыйында экинчи болуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-Юридикалык факультетинин “Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасынын 2-курсунун студенти Сыймык Мавлянкулов “Санарип экономикасы: биткоин жана криптовалютанын өзгөчөлүктөрү”  темаласында баяндама жасап, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Конференциянын иши илимдин тармактары боюнча 8 секциялык иште улантылган. Секциялык иштердин жыйынтыгы менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинен барган студенттердин арасынан 1-орунга БЭк-1-17 тайпасынын студенти Сыймык Мавлянкулов, 2-орунга БЭк-1-17 тайпасынын студенти Диана Кочкорова жана 3-орунду  ээлегендиги тууралуу диплом менен медициналык факультетинин Фарм-1-17 тайпасынын студенти Нургул Жунусалиева сыйланды.

Өткөрүлгөн V аймактык студенттик илимий конференциянын материалдары “ОшМУнун Жарчысы” илимий журналынын атайын чыгарылышында басылып чыгарылат. Студенттер,  х.и.к., Аида Бакирова жана “Экономика жана бухгалтердик эсеп” кафедрасынын окутуучусу Мейманбү Акжолова жетектеп илимий конференцияга барып ийгиликтүү келишти.

https://www.oshsu.kg/news/new/?lg=1&id_parent=99&id2=9696&list=1

https://m.youtube.com/watch?v=L_luV4z3YE4&feature=youtu.be

  • Илимий конференциядагы алдыңкы орундарга ЖАМУнун студенттери татыктуу болушту