AVN







ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ

ХИМИЯ КАФЕДРАСЫНДА  АТА-ЭНЕЛЕР  ЧОГУЛУШУ БОЛУП ӨТТҮ
 Dec 5, 2018  845

Табигый-техникалык факультетинин  “Химия” кафедрасынын Х-1-18 группасынын ата-энелеринин чогулушу  болуп өттү. Чогулушка кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттердин ата-энелери катышышты.

Кафедра башчысы Н.Б.Арстанбекова ата-энелерди окутуучулар курамы менен тааныштырып, “Химия” кафедрасы жана  анын материалдык техникалык базасы, “Табигый илимий билим берүү багытынын” Химия профилинин негизги билим берүүчү программасы, окуу планы, окутулуп жаткан предметтер  боюнча кеңири баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө х.и.к., химия кафедрасынын доценти Т.Барпыбаев ата-энелерге убактысын бөлүп келгендигине ыраазычылык билдирүү менен 4 жыл бою бирге кызматташууга чакырды жана бюджеттик негизде окуган  студенттерге талап күчтүү болоорун белгиледи.

Ошондой эле окутуучу Н.С.Жолдошалиева, окутуучу Н.А.Маматураимова, Х-1-18 группасынын  куратору  М.Э. Сатканкуловалар студенттердин сабактарга катышуусу, өздөштүрүүсү,  коомдук ар  кандай иш чараларга катышуусу боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Ата-энелер менен эркин баарлашуу болуп, ата-энелер комитети жана анын мүчөлөрү шайланышты.  Коноктор  ЖАМУнун окутуучуларына ыраазычылык билдирүү менен,  окуу аудиторияларына экскурсия жасашты.